Өлкөдө 2026-2027-окуу жылдары кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү жарлык президенттин администрациясынын сайтына жарыяланды.
Маалымдалгандай, мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.