Бишкекте жол тескөөчүлөр жүрөгү катуу ооруп жаткан жаранды ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бир жаран кызмат өтөп жаткан жол тескөөчүлөргө атасынын абалы начарлап кеткенин айтып кайрылган. Жол милициясынын кызматкерлери дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, жаранды кызматтык унаа менен жакынкы медициналык мекемеге жеткиришкен.