Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан "Үлүштүк курулуш" долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, 9 кабаттуу үй 106 батирден турат. Анын ачылыш аземине шаар башчысы Жанарбек Акаев катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктап, батир ээлерине ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырган. Мэр өз сөзүндө көп кабаттуу турак жай ээлерин куттуктап, жарандарды муниципалдык ипотекалык ишканадан батир алууга чакырган.
"Курулуш иштери мэриянын түз көзөмөлүндө жүргүзүлүп, сапаты жана ачыктыгы камсыздалып жатат. Долбоор мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып, жарандардын каражаттары келишимдин негизинде курулушка багытталган", - деп айтылат маалыматта.