Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын түндүк четинде археологиялык казуулар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, пландалган 30 объекттин 22си изилденип бүткөн. Алардын ичинде 21 коргон жайы жана 1 ири таш-короо бар. Табылгалар эрте сак дооруна таандык болуп, алардын арасында керамикалык идиштер, коло шпилька жана таш оселок сыяктуу буюмдар кездешет.
Учурда адистер таш-короо объектисин терең изилдеп, анын датасын жана маданий өзгөчөлүгүн аныктоо боюнча иштерди улантууда.