Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери толук жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдүн короолору жана жер төлөлөрү сел сууларынан толук тазаланып, аймактар иретке келтирилген. Ошол эле учурда селден коргоочу тосмолорду бекемдөө жана сел каналдарын тазалоо боюнча инженердик техникалардын иштери улантылууда.