Жол тескөөчүлөр жабырлануучу аялды ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кызматкерлер "Ала-Арча – Кашка-Суу – Бишкек" стационардык постунда турушканда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жол ачып берүүнү суранышкан. Алардын унаасында тоодо 7-8 метр бийиктиктен кулап, оор жаракат алган аял киши болгон.
Патрулдук кызматкерлер дароо чара көрүп, атайын унааны коштоп, жабырлануучу аялды Бишкек шаарынын 4-шаардык ооруканасына тез арада жеткиришип, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.