Биз социалдык тармакта

Бишкекте өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер 20 медаль утушту

Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Беларус өлкөлөрүнөн жалпы 133 мушкер катышышкан. Кыргызстандык мушкерлер жалпы 20 медаль жеңип алышкан. Анын 8и алтын, 3ү күмүш болсо, 9у коло байге.
Ошондой эле мелдештин жыйынтыгында "Мыкты мушкер" номинациясын Алмаз Орозбеков алса, "Мыкты машыктыруучуга" Кочорбай уулу Самаган ээ болгон. Ал эми "Мыкты калысты" тажикстандык калыс алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан