Социалдык тармактарда жасалма интеллекттин жардамы менен кыргыз сомуна жасалган видео тарап жатат.
Анда кыргыздын атактуу инсандарын өздөрүнүн элеси түшүрүлгөн банкнотторун колуна кармап турушканын көрүүгө болот. Алсак, белгилүү кыргыз композитору, опера ырчысы Абдылас Малдыбаев 1 сомдук, балерина Бүбүсара Бейшеналиев 5 сомдук, кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстанов 10 сомдук, акын Тоголок Молдо 20 сомдук, Курманжан датка 50 сомдук менен чогуу чагылдырылган.
Ошондой видеодон акча номиналдарынын арткы бетине түшүрүлгөн Кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлерин жана тарыхый курулуштарын да көрүүгө болот.