Бүгүн, 3-майга караган түнү Кара-Суу районунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Падаван айылында жааган жамгырдын кесепетинен топтолгон суулар турак үйлөргө кирип, жер төлөлөрүн каптаган. Жеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүп, түндө 3 турак үйдүн жер төлөлөрү толук тазаланып бүткөрүлгөн.