Биз социалдык тармакта

Бишкекте тоноого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Бишкекте 23 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал түндө Ак-Бата жаңы конушунда жабырлануучуга күч колдонуп, анын 1370 доллар турган iPhone 17 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган шектүү мурда соттолгон. Ошондой эле анын "Алдамчылык" беренеси боюнча издөөдө жүргөнү аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан