Биз социалдык тармакта

Эс алуу күндөрү Бишкекте ар түрдүү иш-чаралар өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада ар түрдүү иш-чаралар өтөрүн кабарлады.

  • 3-майда саат 18:00дөн 20:00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин жанында Эл аралык бий күнү белгиленет.
  • 6-майда саат 11:00дө Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Кызыл гвоздика — муундардын эсинде" аттуу сынак-фестивалдын гала-концерти өтөт. Ошол эле күнү саат 10:30да Түлөбердиев атындагы паркта "Эскерүү оту" аттуу эл аралык акция өткөрүлөт.
  • 7-майда саат 10:00дө Юбилейная көчөсү, 17 дарегиндеги "1941–1945" жана "Түбөлүк эскеребиз" эстеликтеринин жанында Жеңиш күнүнө арналган гүл коюу аземи болот. Ал күнү саат 10:00дө Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием да өтөт.
  • 8-майда саат 11:00дө Жаш Гвардия көчөсү, 88 дарегинде "1941–1945" эстелигинин алдында гүл коюу иш-чарасы өткөрүлөт. Ошондой эле саат 10:00дө Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием болот.
  • 9-майда саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара өтөт. Ал күнү саат 11:00дө Түлөбердиев атындагы паркта солдат боткосу берилет.
  • 10-майда саат 14:00дө "Диалог" шаардык маданият үйүндө "Биз эстейбиз" аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан