Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы 158 кызматкер жана 28 техника иш алып барууда. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов координация жүргүзүп, кырдаалды текшерди.