Биз социалдык тармакта

Бишкекте хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды

3-майда Бишкек шаарындагы Nomad Arena муз аянтчасында 18 жашка чейинкилер арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Макао (Кытай), Индонезия, Монголия жана Индия өлкөлөрүнүн курама командалары катышты. Оюндар курч атаандаштыкта өтүп, жаш хоккейчилер жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Жыйынтыктар:
• 1-орун - Өзбекстан
• 2-орун - Кыргызстан
• 3-орун - Монголия
Сыйлоо аземи Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановдун катышуусунда өттү.
Бул турнир аймактагы жаштар хоккейин өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташууну бекемдөөгө чоң салым кошту.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан