Чүйдүн Таш-Дөбө айылынын тургундары коомдук транспорттун жоктугуна нааразы болуп, маселени тез арада чечүүнү талап кылышууда.
Алардын айтымында, 4-май күнү эртең менен аялдамаларда бир да автобус же кичи автобус болгон эмес. Айрыкча №11 автобус жана №265, №295 маршруттук таксилер каттамга чыккан жок.
“Аялдама бош, адамдар жамгырда туруп калышты. Жумушка жетүү мүмкүн эмес болуп жатат. Айрымдар жол улаш унаа кармап кетип жатышат, бирок көбү күтүп эле калууда”,- дешет жергиликтүү тургундар.
Белгиленгендей, мындай кырдаал биринчи жолу эмес. Ушундай эле транспорт көйгөйү мезгил-мезгили менен болуп келет.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.