Кыргыздын улуттук курама командасы 23-апрелден 3-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Евразия лигасынын Дүйнө кубогунун этаптарында ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 4 медаль жеңип, эл аралык аренадагы жогорку даярдык деңгээлин жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир ирет тастыкташты.
Белгилей кетсек, аталган мелдештерде Дүйнө кубогунун финалына жана ат спорту боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо берүүчү рейтингдик упайлар ойнотулат.
Кыргызстандын курама командасы кичи айлампа маршруттарында күч сынашып, төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
I этап:
Ринат Галимов - 1-орун.
Екатерина Каркавцева - 2-орун.