Биз социалдык тармакта

Кыргызстан-Сейшел аралдары: Визасыз режим боюнча макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 4-май күнү тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сейшел аралдары республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул Сейшел аралдарынын тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы расмий сапары экени белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан