Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катуу жаан-чачындан улам сел жүргөн аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, селден жабыркаган райондордо медициналык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Дарыгерлер үймө-үй кыдырып текшерүү жүргүзүшүүдө, көчмө бригадалар тартылып, ичүүчү суунун сапаты көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жарандык коргонуу жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуу камсыздалууда.
Баткен облусунда кооптуу аймактардан 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Алар медициналык көзөмөлгө алынып, дарыгерлердин кароосунан өтүшүүдө. Жалпысынан 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын баарына тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Оор учурлар катталган жок.
Адистер кырдаал көзөмөлдө экенин белгилеп, жарандарды санитардык талаптарды сактоого жана коопсуздук чараларын карманууга чакырышууда.