Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мас айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, Кыргызстанда мас абалда унаа айдаган айдоочуларга карата жаза чаралары катаалдаштырылат.

Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Учурда мас абалда рулга отурган айдоочулар 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылса, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык бул мөөнөт 3 жылдан 10 жылга чейин узартылат.

Мындан тышкары, эгер мас айдоочунун айынан адамдар жаракат алса же каза тапса, күнөөлүү тарап 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жол милициясынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары мас айдоочулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны кескин көбөйүп, бул жагдай мыйзамды катаалдатууга негиз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан