Социалдык тармактарда Аксы районунун Сыны айылында тартылган видео тарады.
Видеодон катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, жолдун бир бөлүгүн жууп кеткенин көрүүгө болот. Натыйжада бул тилкеде унаалардын жүрүүсү толугу менен токтоп, жол жабылып калган.
Азырынча расмий органдар тарабынан кошумча маалымат бериле элек. Жергиликтүү тургундарга коопсуздук чараларын сактоо жана кооптуу аймактардан алыс болуу сунушталууда.