Парламент төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, эгемендүүлүктүн, демократиялык баалуулуктардын жана укуктук мамлекет куруунун бекем пайдубалы экендиги белгиленген. Ошондой эле ал ар бир жарандын укук жана эркиндиктерин кепилдеп, коомдогу туруктуулукту жана адилеттүүлүктү камсыздай турганы айтылды.
Төрага Жогорку Кеңеш өз ишинде мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти башкы багыт катары карманып, Башмыйзамга шайкеш келген мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.
Ошондой эле Конституцияны урматтоо ар бир жарандын милдети экенин баса белгилеп, мыйзам үстөмдүгүн сактоо аркылуу гана күчтүү жана туруктуу мамлекет курууга болорун айтты.
Куттуктоонун соңунда спикер мекендештерге бекем ден соолук, бакыт-таалай каалап, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана туруктуулук болуусун тиледи.