Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош жолунда сел жүрүп, 8 адам куткарылды

4-майдан 5-майга караган түнү Бишкек-Ош жолунда сел жүрүп, ичинде адамдар болгон жеңил унааны каптап кеткен. Бул тууралуу порталыбыздын Элдик кабар бөлүмүнө окуянын күбөлөрү маалымдашты.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде жалпы 8 адам болгон. Алардын арасында 50 жаштан ашкан бир жаран, эки жаш бала: 1 жаштагы жана 7 жаштагы наристелер, ошондой эле 18ден 40 жашка чейинки башка жүргүнчүлөр болгон.

Окуя учурунда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышууга аракет кылышкан, бирок жооп ала алышкан эмес. Натыйжада унаадагы адамдар жана башка айдоочулар биригип, өз күчтөрү менен бир сааттын ичинде селден чыгып кетишкен.

Бирок кооптуу абал муну менен эле токтогон эмес. Селден аман чыккан соң, болжол менен 500 метр өткөндөн кийин жер көчкүгө туш болушуп, коопсуз жерге өтө албай, ошол аймакта 6 сааттай күтүүгө аргасыз болушкан.

Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

Бул окуя аба ырайы кескин өзгөргөн учурда тоолуу аймактардагы жолдордо өзгөчө этият болуу зарылдыгын дагы бир жолу эске салды. Айдоочуларга алыс жолго чыгар алдында аба ырайын жана жол абалын тактоо сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан