Биз социалдык тармакта

Бишкекте милиция кызматкери каналга секирип, кыздын өмүрүн сактап калды

4-май күнү саат болжол менен 20:30 чамасында “102” кызматына Шабдан баатыр проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жаш кыз үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам Чоң Чүй каналына секирип, өзүнө кол салууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын МККБ кызматкерлери ыкчам жетип барышкан. Алар келген учурда кыз көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жаткандыгы аныкталган. Бардык көрүлгөн чараларга карабастан, ал сууга секирип кеткен.

Ошол учурда милиция кызматкери дароо каналга секирип, кызды суудан алып чыгып, анын өмүрүн сактап калган. Жаракат албашы үчүн ага биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык МККБнын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери ар дайым жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана ар кандай кырдаалда жардам берүүгө даяр.

кызды суудан алып чыгып, анын өмүрүн сактап калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан