Президент Садыр Жапаров 5-майда кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Конституция өлкөнүн укуктук негизин түзөрүн, адам укуктары менен эркиндиктерин жогорку баалуулук катары бекиткен негизги документ экенин белгиледи. Ал Башмыйзам өлкөнүн биримдигин бекемдеп, ар бир жаран үчүн корголгон укуктук мамлекетти куруунун негизи болуп жатканын айтты.
Жапаров ошондой эле Конституциянын жоболорун урматтоо жана сактоо жаңы Кыргызстанды өнүктүрүүнүн башкы шарты экенин баса белгилеп, жарандарга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.