Биз социалдык тармакта

Бишкек милициясы майрам күндөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы май айындагы узак эс алуу күндөрүнө байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-3-май күндөрү ичинде милиция кызматкерлери тарабынан 400дөн ашуун жаран ар кандай укук бузуулар боюнча аймактык бөлүмдөргө жеткирилди. Алардын ичинен 60тан ашуун адам сот чечими менен атайын кабыл алуучу жайга жайгаштырылды.

Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 5000ден ашуун протокол түзүлүп, 125 мас абалында унаа башкаруу фактысы аныкталды. 1000ден ашык унаа айып короо жайларына токтотулду.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо иштерин сутка бою улантып жатканын белгилешти. Жарандарга жол кыймылынын эрежелерин сактоо, мыйзам бузбоо жана мас абалында унаа башкарбоо эскертилди.

Иш-чаралар май айындагы эс алуу күндөрү аяктаганга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан