Биз социалдык тармакта

"40 миң долларын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, М.Ч. аттуу жаран милицияга кайрылып, Т.Б. аттуу адам ресторан бизнесин ачуу шылтоосу менен ишенимине кирип, 2025-жылдын 10-июлунда 40 миң АКШ долларын алып кеткенин билдирген. Бирок убада кылынган милдеттенмелер аткарылбай, шектүү кийин байланыштан чыгып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1983-жылы туулган Т.Б. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция жабыркагандар же кошумча маалыматка ээ болгон жарандарды 102 же 0(502) 06-06-93 номерлерине кайрылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан