Биз социалдык тармакта

Ош шаарында Санкт-Петербург көчөсү жаңыланууда

Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкцияланып, иштер акыркы баскычка жакындады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолго асфальттын биринчи катмары толук төшөлүп бүттү. Эми экинчи катмарды төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кеңейтилүүдө – бул шаар тургундарына кыйла ыңгайлуу шарт түзөт.

Көчөгө жаңы электр мамычалары орнотулуп, түнкү жарыктандыруу системасы ишке кирди.

Мындан тышкары айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жол коопсуздугун камсыз кылуучу белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул долбоор шаар инфраструктурасын жакшыртып, тургундар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан