Милициянын кайгуул кызматы аймактар аралык такси айдоочуларына карата текшерүү иш-чараларын жүргүздү.
Анын жүрүшүндө унаалардын техникалык абалы, ошондой эле айдоочулардын рейс алдында механик жана нарколог тарабынан кароодон өткөндүгү көзөмөлдөндү.
Текшерүү учурунда айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жүргүнчүлөргө да эскертүү берилди — сапарга чыгар алдында айдоочунун мыйзамдуу иштеп жаткандыгын тактоо зарыл.
Кайгуул кызмат башкармалыгы жол эрежелерин сактоо ар бир жаран үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул коопсуздуктун негизги кепилдиги экенин эскертти.