Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Ал бир нече кылмыш фактыларына тиешеси бар деп шектелүүдө, келтирилген жалпы зыян 2 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда “А.” аттуу жаран өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай койгону айтылган.
Такталгандай, 2026-жылдын 13-январында жабырлануучу аталган жаранга эки автоунаасын - KIA Sportage жана Mercedes-Benz S500 - сатуу максатында өткөрүп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишилген сумманын 22 миң 715 доллары кайтарылган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштеринин алкагында 1991-жылы туулган А.Т. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жарандын дагы үч ушундай алдамчылык фактысына тиешеси бар.