Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу - бул ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн укугун коргоого жана чыр-чатактарды болтурбоого багытталган комплекстүү чаралардын жыйындысы болуп саналат.
ИИМ белгилегендей, коомдо зомбулуктун бардык түрлөрүнө - физикалык, психологиялык жана экономикалык - каршы туруктуу түшүнүк калыптандыруу маанилүү. Чыр-чатактар өз ара сый-урмат, түшүнүшүү жана диалог аркылуу чечилиши керек.
Ошондой эле жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган укуктук жоопкерчилик жана жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо өзгөчө көңүл борборунда. Тиешелүү жардам укук коргоо органдары, кризистик борборлор жана социалдык кызматтар тарабынан көрсөтүлөт.
Министрлик жарандарды көйгөйлөрдү жашырбоого жана өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Белгиленгендей, бул чыр-чатактардын күчөшүнүн алдын алып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жана психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө.