29-апрелде Бишкек шаарында белгисиз мотоскутер айдоочусу автобустан түшүп жаткан кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен жабырлануучу ар кандай жаракаттарды алып, тез арада жакынкы медициналык мекемеге жеткирилген.
Окуядан кийин айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Бирок көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде анын өздүгү аныкталып, кармалган. Учурда айдоочу тергөө органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзам чегинде чара көрүлүүдө.
Укук коргоо органдары айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана кырсык болгон учурда окуя болгон жерден кетпөөгө чакырат.