DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолунда каршы тилкеге чыгып кеткени тартылган видео интернет желесине тараган эле.
Бул факт боюнча айдоочуга 15 миң сом айып пул салынганын Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Аталган башкармалык жол кыймылынын бардык катышуучуларын эрежелерди так сактоого чакырат.