Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-май күнү Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде орнотулган “Достук” стеласына барып, ошондой эле үч өлкөнүн чек ара аймагында курула турган ири соода-экономикалык парктын концепциясын көрүп чыкты.
Эске салсак, 2025-жылдын 31-мартында үч мамлекеттин президенттери онлайн форматта бул стеланын ачылыш аземине катышкан. Ал боордош элдердин достугун, чек ара маселелеринин жөнгө салынышын жана аймактык кызматташтыктын жаңы этабын символдоштурат.
Маалыматка ылайык, “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Комплексте административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналары жайгашат.
Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Ишке ашса, 5 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү кыйла көбөйөт.
Мындан тышкары, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү да каралган. Бул маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдеп, Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Садыр Жапаров Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы коңшулаштык мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор аймактын туруктуулугу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.
Президент бул долбоор үч өлкөнүн макулдашуусу жана тыгыз кызматташуусу аркылуу гана ишке ашарын белгилеп, келечекте ал Борбор Азия элдеринин тынчтыгынын, ишениминин жана биримдигинин символуна айланарына ишеним билдирди.