Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.
Маалыматка ылайык, президентке базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилгенден кийин, ал сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты.
Маалым болгондой, базар 4 гектар аянтты ээлеп, чек арага жакын аймактагы маанилүү соода жайларынын бири болуп эсептелет. Негизги соода шаршемби күнү жүрүп, бул күнү болжол менен 400дөй соодагер келет. Ал эми автоунаа жолунун боюнда туруктуу негизде 50гө жакын соода түйүнү иштейт.
Белгиленгендей, мамлекет башчысынын бул сапары негизинен мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштерин жеринен көрүү максатында уюштурулган. Аймак тургундары менен кеңири жолугушуулар кийинки сапарларда өтөрү күтүлүүдө.