Социалдык тармактарда ооруканада эмгектенген жарандардын өлкө башчысына кайрылуусу тарап жатат.
Анда медицина кызматкерлери айлык акы расмий түрдө көбөйгөнүн, бирок ар кандай себептер менен төлөмдөр өз убагында берилбей, кармалып жатканын билдиришкен.
Дарыгерлер бул маселе боюнча тиешелүү органдардан түшүндүрмө берүүнү жана көйгөйдү тез арада чечип берүүнү суранышууда.