Биз социалдык тармакта

Ошто Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” рестораны бузулууда

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” ресторанын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Шаар башчысы Жанарбек Акаев белгилегендей, аталган объект буга чейин толук алынбай калган. Ошондой эле ресторандын ээлери мэрия сунуштаган мыйзамдуу талаптарга макул болбой, мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан.

Ушул себептен улам, шаардагы тартипти калыбына келтирүү жана корук аймактарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо максатында объектти толугу менен бузуу чечими кабыл алынган.

Мэрия корук аймактарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын дагы бир ирет эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Белгиленгендей, Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашык аймакка жаңы сквер куруу пландалууда. Учурда бул багытта курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан