Эртең,7-май күнү өлкөдө негизинен жаан-чачынсыз, жылуу аба ырайы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетип, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Нарын дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +28…+30 градус болот.