Кечээ, 6-майда Ош шаарында мурдагы вице-мэр Нурбек Кадыровго жана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү катары белгилүү Алмамбет Анапияевдин инисине тиешелүү делген мыйзамсыз курулуштар бузулуп жатканын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Увам каналынын корук аймагында мыйзамсыз курулган объект буга чейин бузулганына карабай, аймакты кайрадан өз алдынча тосуп алышкан. Шаар бийлигинин тапшырмасы менен тиешелүү кызматтар тосмолорду кайра алып салып, корук аймагын бошотуу иштерин жүргүзүштү.
Ош мэриясы каналдын корук аймагында курулуш жүргүзүү мыйзамга каршы келерин эскертип, тургундарды мыйзам талаптарын сактоого чакырды.