Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата Коргоо министрлиги жана “Евразия” паркы биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин үйүнө барып куттукташты.
Иш-чаранын алкагында Коргоо министрлигинин жана “Евразия”паркынын өкүлдөрү ардагерлердин үйлөрүнө барып, аларга ыраазычылык билдирип, эстелик белектерди тапшырышты.
Куттуктоо учурунда Коргоо министрлигинин аскердик оркестри согуш жылдарындагы ырларды аткарып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын ардактуу кароол ротасы салтанаттуу марш менен өттү.
Буга чейин Коргоо министрлиги жана “Евразия” паркы 9-майга карата эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшкан.
Бул өнөктөштүктүн алкагында 9-май күнү парктын аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары болгон кыргызстандыктарга арналган 76 убактылуу бюст түрүндөгү инсталляциялар орнотулат. Коноктор баатырларды эскерип, гүл коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ошондой эле ачык асман алдындагы курал-жарак музейи ачылат. Коноктор үчүн талаа ашканасы уюштурулуп, аскерлердин салттуу боткосун татып көрүүгө шарт түзүлөт.
Маалымат үчүн:
Евразия паркы 2025-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын президентинин катышуусу менен ачылган. Долбоор АНО “Евразия” тарабынан жеке каражаттарга ишке ашырылып, Кыргызстанга белек катары берилген. Ал Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган достуктун символу болуп саналат. Парк Борбор Азиядагы эң ири көңүл ачуу жайларынын бири болуп эсептелет жана ачылгандан бери 1 миллиондон ашык адам келип кетти.