Чүй облусундагы Ак-Бешим шаарчасы аймагында кыргыз-япон археологиялык экспедициясы VII-VIII кылымдарга таандык будда храм комплексинин калдыктарын аныктады.
Маалыматка ылайык, изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башында Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүп, казуу иштеринин жүрүшүндө күйгөн кыштан салынган тепкичтер, пандус жана платформа табылган. Окумуштуулардын айтымында, бул элементтер Тан доорундагы храм архитектурасына мүнөздүү.
Табылга мурдагы белгилүү археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардагы “бул аймакта будда храмы болгон” деген божомолун тастыктап берди.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында байыркы Суяб шаарчасы аймагында будда маданиятынын жайылышы боюнча жаңы илимий маалыматтар алынган. Суяб VI–XI кылымдарда Батыш Түрк каганатынын маанилүү борборлорунун бири болгон.
Экспедиция 2012-жылдан бери уланып келет. Кыргыз тараптан Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, ал эми жапон тараптан Тэйкё университети окумуштуулары катышууда.
Учурда аймакты тарыхый-маданий мурас катары коргоого өткөрүү маселеси каралууда. Эгер чечим оң чыкса, келечекте бул жерде ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКО 2014-жылы Ак-Бешимди «Жибек жолу: Чанъань – Теңир-Тоо коридору» аттуу трансулуттук дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизген.