Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышына катышты (видео)

Кечээ, 7-майда президент Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы 97 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, жаңыланган инфраструктурасы, анын ичинде бассейн жана термалдык булактар менен таанышты жана бак отургузду.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө президент сөз сүйлөп, туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин, аны калктын ден соолугун чыңдоо жана экономиканын өсүшү үчүн натыйжалуу пайдалануу керектигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров акыркы жылдардагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү атап өттү: башкаруунун натыйжалуулугу артып, инфратүзүмдү жаңылоо үчүн шарттар түзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жакшырууда. Санаторий объектилерин президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү алардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берип, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шарт түздү.
Мисал катары “Ысык-Ата” жана “Жети-Өгүз” санаторийлеринин жаңыланышы, “Жыргалаң” курортун өнүктүрүү жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борборун реконструкциялоо айтылды. Ошондой эле “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде ири масштабдагы жаңылоо иштери жүргүзүлүп, корпустар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү, материалдык-техникалык база жаңыртылганы жана амфитеатр менен термалдык булактар сыяктуу жаңы объектилер курулганы белгиленди. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде алгачкы жолу курулуп жатат. Президент финансылык көрсөткүчтөр кыйла өскөнүн: акыркы эки жылда таза киреше эки эседен ашык көбөйгөнүн, ошол эле учурда кызматкерлердин айлык маянасы да жогорулаганын белгиледи.
Садыр Жапаров сөзүнүн аягында санаторийдин жамаатын маарекеси жана жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.
Иш-чара жергиликтүү эстрада жылдыздарынын майрамдык концерти менен аяктады.
Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышына катышты  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан