
Кечээ, 7-майда президент
Садыр Жапаров “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сөз сүйлөп жатып
"Иш башкармалыгына бир топ мекемелер, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлиги өтүп, өзүнчө эле өкмөт болуп алды" делген кептерге түшүндүрмө берди.
“Түз эле айтайын, Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады”, - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы министрлик иштеп турганда бюрократия болуп, же бири-бирине шылтоо менен иш мынчалык жылгабаганына токтолуп, акыркы беш жыл ичинде дээрлик ар бир тармактагы реформа олуттуу каршылыктарга туш болуп келгенин айтты.
“Кайсы гана тармакта болбосун, сөзсүз бирөөлөрдүн — мейли мурдагы аткаминерлердин же азыркы жогорку кызматтагы адамдардын жеке кызыкчылыктары бар болуп чыгат. Тармакта чыныгы өзгөрүүлөрдү баштай турган болсоң, дароо эле чыр-чатак уюштуруу башталат: блогерлерди, журналисттерди жалдап, соцтармактарда чатактарды күчөтүшөт”, — деп билдирди президент.
Садыр Жапаров 2021-жылы Кумтөр алтын кенин толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө кайтаруу маселесин мисал келтирди. Ал учурунда “кенди алганга мүмкүн эмес, өлкө эл аралык соттук иштерге батып калат” деген пикирлер айтылганын белгиледи.
“Эсиңиздердеби, ошондо “алганга мүмкүн эмес, 3 миллиарддан ашык доллар төлөйбүз” деп башташкан. “Эл аралык сот кыргыздын соту эмес…” дешкен. Чечип алдыкпы мына. “Кумтөр” жүз пайыз өзүбүзгө өттү. Мына ошонун эсебинен айлыгыңар көтөрүлүп жатат, пенсия-пособие көтөрүлүүдө. Курулуштар кызуу жүрүп жатат. Аскердик техникаларды алып жатабыз, жолдор курулууда. Мектептерди, бала бакчаларды салып жатабыз. Мына чындап жыйынтыгын берип жатат”, - деп белгиледи өлкө башчысы.
Садыр Жапаров ошондой эле кесиптик бирликтер системасындагы реформаларды, “Унаа” ишканасында тартип орнотуу иштерин, “Кыргыз Темир жолу” компаниясынын өз каражатына курулуп жаткан темир жол Кочкорго чейин жетип, андан ары Кара-Кечеге карай уланып жатканын, ошондой эле 11 аэропорт жаңыланып, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулуп жатканын эске салды.
Президент чек ара маселелерин Кыргызстандын пайдасына чечүүдө да каршылыктар болгонун да айтып өттү. Айрым күчтөр ар кандай жолдор менен бул процессти үзгүлтүккө учуратууга жана чыңалууну сактап калууга аракет кылышкан.
“Ошондуктан, урматтуу мекендештер, ар кандай реформаларды жасаганда ызы-чуу чыгаргандардын экинчи тарабын дагы эсиңиздерге тутуп коюңуздар”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле санаториялык-курорттук тармакты өнүктүрүү улуттун саламаттыгына жана өлкөнүн келечегине болгон инвестиция катары караларын өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу тармакты өнүктүрүү боюнча бардык негизги процесстер анын жеке көзөмөлүндө турат.