Биз социалдык тармакта

Чүйдө мас абалында унаа айдап качкан шектүү кармалды (видео)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда унааны айдап качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү Кант шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринен Honda Accord үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен. Милициянын ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа көп узабай табылып, аны 2000-жылы туулган Т. уулу Э. мас абалында башкарып бара жаткан жеринен Ивановка айылынын аймагынан кармашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланып жатканы маалымдалды.

Чүйдө мас абалында унаа айдап качкан шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан