10-майга караган түнү АКШнын Ньюарк шаарында UFC 328 турнири өтөт. Кеченин башкы беттешинде орто салмактагы чемпион Хамзат Чимаев титулун алгач ирет коргойт. Анын атаандашы америкалык Шон Стрикленд.
Чимаев менен Стрикленд беттеш алдындагы көз карашта уруша кетишти. Эки спортчунун ортосундагы кайым айтышуу кырдаалды курчутуп, күзөтчүлөр арачалап калышты. Чимаев Стриклендди тепкен учур да катталганы маалыматта кошумчаланды.
Окуя учурунда UFC жетекчиси Дана Уайт да катышып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган.
Бул окуя турнир алдындагы маанайды ого бетер курчутканы айтылууда.