Биз социалдык тармакта

Ак-Сууда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 3-майда И.Б. аттуу жаран өз ара пикир келишпестик маселесин чечүү максатында М.Т. аттуу жаранды сүйлөшүүгө чакырган. Сүйлөшүү учурунда шектүү бычак менен М.Т.нын көкүрөк тушунун сол тарабына сайган. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесини (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 47 жаштагы И.Б. аттуу жаран кармалып, ага 2 айга камакка алуу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан