Биз социалдык тармакта

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий ыры кайрадан Шакиранын аткаруусунда (видео)

Белгилүү ырчы Шакира 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий ырын аткарган аткаруучу болуп кайрадан тандалды. Ал жаңы “Dai Dai” аттуу ырдан үзүндү жарыялады.

Бул ырды Шакира нигериялык музыкант Burna Boy менен биргеликте жазды. Клиптин тартылышы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы легендарлуу Маракана стадионунда өттү.

Бул Шакиранын дүйнө чемпиондугуна арналган үчүнчү расмий ыры болуп эсептелет. Анын 2010-жылкы “Waka Waka” жана 2014-жылкы “La La La” ырлары да футбол күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган.

“Dai Dai” ырынын толук версиясы 14-майда жарыяланат.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрүндө өтөт. Бул ирет турнирге тарыхта биринчи жолу 48 курама команда катышат.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий жаңы ыры кайрадан Шакиранын аткаруусунда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан