
10-майдан 12-майга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Министрлик бул күндөрү жарандарга тоолуу аймактардын, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга барбоого, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөөгө чакырат.