Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүм айдап бара жаткан Kia K5 үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылды. Кырсык бүгүн, 8-майда эртең менен Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Маалыматка ылайык, рулда 7-класстын окуучусу болгон. Жеңил унаа Hyundai Porter менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Kia K5 унаасындагы эки өспүрүм жабыркаган. 14 жаштагы кыз оор жаракат алып, баш мээси жабыркап, мурду сынган. Ал эми 15 жаштагы өспүрүмдүн баш мээси чайкалганы белгиленди.
Милициянын кайгуул кызматы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталып жаткандыгын билдирди.