Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан белгилүү блогер Ризаа сиңдиси менен беш күндөн бери жол жүрүп келе жатканын айтып, жолдо болгон кызыктуу окуя менен бөлүштү.
Сапар учурунда алар топ койлорго туш болушуп, алардын бирине музыкалык аппарат байланган учурду байкашкан. Видеодо койдун жанында кыргызча ыр жаңырып жатканын көрүүгө болот.
Блогердин айтымында, мындай ыкма чабандарга малды көзөмөлдөөгө жана аларды мүмкүн болгон коркунучтардан, анын ичинде карышкырдан сактоого жардам берет.