Биз социалдык тармакта

Спорт агенттиги балбан Жоламан Шаршенбековго байланыштуу кептерге жооп берди

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларга, анын ичинде Жоламан Шаршенбековго мамлекеттик стипендияларды төлөө маселеси боюнча расмий маалымат таратты.

Анда белгиленгендей, балбан Жоламан Шаршенбеков өлкөнүн алдыңкы спортчуларынын бири болгону менен, учурда күчүндө турган Министрлер кабинетинин 2020-жылдын 26-июнундагы №358 токтомунун талаптарына ылайык ага мамлекеттик стипендия алууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, агенттик “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, спортчуларды колдоонун жаңы системасын киргизүүнү демилгелеп жатканын кошумчалады.

Жаңы сунушталган тартипке ылайык:

  • мамлекеттик стипендия Олимпиада оюндарында 1–5-орундарды ээлеген улуттук курама команданын спортчуларына берилет;
  • стипендия бир олимпиадалык циклге — 4 жылга дайындалат;
  • төлөмдөр спортчу тиешелүү жыйынтыкка жетишкен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып эсептеле баштайт;
  • спортчу мындан дагы жогорку жетишкендикке жетсе, мурдагы стипендия токтотулуп, жаңы жетишкендиктин негизинде кайрадан 4 жылдык мөөнөткө жаңы стипендия дайындалат.

Мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда.

Эскерте кетсек, кыргыздын сыймыктуу балбаны Жоламан Шаршенбеков апрель айында Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугуна ден соолугуна байланыштуу катышкан эмес. Ага мамлекет тарабынан колдоо болбой жаткандыгын балбан кыз Мээрим Жуманазарова маектеринин биринде билдирди. Жакында эле Жоламандын машыктыруучусу Хаким Махмудов да интервьюларында стипендия берилбей жаткандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан