Интернет желесинде Кочкор районунда акчанын айынан туристтер менен пикир келишпестикке барып, атчан жарандар туристтер бара жаткан унаанын алдын торошкон видео тарады.
Нарын милициясы ага тишелүү жаран кармалганын билдирип, анын кечирим сураган видеосун жарыялады.
Окуянын чоо-жайы:
Маалым болгондой, окуя 6-май күнү атлаган райондун Исакеев аймагындагы Көл-Үкөк жайлоосунда орун алган. Анда туристтер 15 аттын ар бири үчүн 2000 сомдон төлөм жүргүзүлгөнү аныкталды. Ал эми аттардын ээси Ж.А. кошумча түрдө аттарды жеткирүү жана жер көрсөтүү кызматы үчүн 4000 сом талап кылып, туристтердин котормочусу Бишкек шаарынын тургуну А.Н. менен пикир келишпестик жаралган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, тараптар бири-бирине дооматы жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышты.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ж.А.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде протокол түзүлүп, Кочкор райондук соту тарабынан 5 суткага камакка алуу чечими чыгарылды.
Ошондой эле жанындагы жаш өспүрүм Кочкор РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан профилактикалык каттоого алынды.